Аксы районунда селдин кесепетинен жоголгон баланын денеси табылды
Өзгөчө кырдаал режими эки айылда ишин улантууда
Аксы районунун эки айылында өзгөчө кырдаал режими иштөөдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтин айтымында, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Бүгүн саат 10: 30да издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылды. Атасы баласын тапты.
Белгиленгендей, 2016-жылы төрөлгөн экинчи баланы издөө иштери улантылууда.
Учурда сел алып кеткен 8 адамдын сөөгү табылды.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз