Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арачы Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө үй берилет

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда көз жумган

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда каза болгон чек арачы Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө үй берилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Чек ара кызматынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев ПК өкүлүнөн Тажикстан менен чек арада болгон жаңжал учурунда каза болгон чек арачыга жардам көрсөтүлөбү деп сурады.

- Чек арадагы жаңжал учурунда чек арачы каза болду, - деди парламентарий. - Анын үй-бүлөсү калды. Мамлекет аларга жардам бериш керек. Чек арачылар мамлекет бир нерсе болуп калса, алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтөт деп ишениши керек.

Чек ара кызматынын өкүлү өкмөт үйдү чек арачы Хуснидин Хожиевге өткөрүп берет деп жооп берди.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда болгон атышуудан Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев каза болгон. Окуя 8-июлда болгон.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх