Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азербайжан Кыргызстанга "AstraZeneca" вакцинасынын 40 миң дозасын бөлүп берүүнү пландаштырууда

Бул 20 миң кыргызстандыктын өмүрүн жана коопсуздугун коргойт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө (ушул жылдын 1-3-июлунда), ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында жетишилген макулдашууларды иштеп чыгууда, Азербайжан Республикасы Кыргыз Республикасына 40 миң доза вакцина "AstraZeneca" менен гуманитардык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда.

Учурда тараптар вакцинаны ташуудагы бардык сактоо шарттарын жана талаптарын камсыз кылуу менен логистикалык маселелердин үстүндө иштеп жатышат.

Кыргызстан Азербайжанга коронавирус инфекциясына каршы вакцина бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Бул 20 миң кыргызстандыктын өмүрүн жана коопсуздугун коргойт.

Кыргызстан менен Азербайжандын элдери кылымдарды карыткан достук салттарга жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине берилгендик менен, азыркы кырдаалда бири-бири менен тилектештигин жана өз ара колдоосун көрсөтүшөт.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх