Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Президентин жана КРнын ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө, КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жаңы мыйзамга киргизилген бардык өзгөртүүлөр

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан.
2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, ачык тизме менен пропорционалдык тутумдун дагы, аралаш тутумдун дагы өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун өзгөртүү боюнча коомчулуктун өтүнүчүн канааттандыруу зарылчылыгы пайда болду, мында талапкердин көрсөтүү субъектиси саясий партиялар гана эмес, ошондой эле жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен боло алат.

Артыкчылыктар:
1) парламенттеги региондук өкүлчүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;
2) жарандар иш жүзүндө бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтө алышат;
3) депутаттын шайлоочулар менен тыгыз байланышы, шайланган депутаттардын жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги камсыз кылынат, депутаттын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, шайлоочулар парламентте алардын кызыкчылыгын ким коргоп жаткандыгын так түшүнүшөт;
4) учурдагы шайлоо тутумунун артыкчылыктары жана жетишкендиктери сакталат:
- квоталар аркылуу социалдык топтордун өкүлчүлүгү;
- саясий партиялар институтун андан ары өнүктүрүү.
5) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн эки субъектиси. Мындай система аз сын-пикирлерди жаратат (калктын талабы канааттандырылат);
6) аралаш шайлоо тутуму бир катар КМШ өлкөлөрүндө (Россия, Грузия, Украина), Европада (Италия, Германия, Венгрия) колдонулат жана өзүнүн эффективдүүлүгүн эң ийкемдүү жана туруктуу катары далилдеди, айрыкча мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү кырдаалдарында катуу кризистерден кийин.

Кемчиликтери:
1) бир мандаттуу шайлоо округдарында квоталардын сакталышы камсыздалбайт, бирок бул пропорционалдык системада сакталган жана күчөтүлгөн квоталар аркылуу компенсацияланат.
2) бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин түзүүнүн татаалдыгы.
3) бош мандат болгон учурда бир мандаттуу округдардагы жаңы шайлоолор өткөрүү, бюджетке кошумча финансылык жүк.
4) чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө укугу жок.

МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат
(59-берене):.
35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат;
55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
пропорциялык тутум боюнча – саясий партияларга;
мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга;

1. Бир мандаттуу округдарда 35 депутатты шайлоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр:

Шайлоочулардын тизмеси боюнча:
1) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет (14-берене). Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы добуш берүү күнүнө чейин 3 ай калгандан кем эмес мөөнөттө жасалган белги менен аныкталат (1-берене).
Округдардын түзүлүшү:
1) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте тиешелүү шайлоо округдарында иштеген тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан округдук шайлоо комиссиялары түзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий түрдө жарыялангандан кийин округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарым укуктарын токтотот (12-берене).
2) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясы схемаларын жана чек араларын бекиткен шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат. Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүдө шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги сакталууга тийиш жана администрациялык-аймактык бөлүштүрүү эске алынат (13-берене).

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерди көрсөтүү жана каттоо:
1) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер көрсөтүлүүчү шайлоо округун атоо менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Саясий партия бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашпаган талапкерди көрсөтүүгө укуктуу (601-берене).

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин Борбордук шайлоо комиссиясына ал шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн миң эсе өлчөмүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине өз каражатынан шайлоо күрөөсүн төгөт (601-берене).

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир эле талапкер бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин бирден ашык тизмесинде, бирден ашык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча же болбосо бирдиктүү шайлоо округунда талапкерлердин тизмеси жана бир мандаттуу округ боюнча бир учурда катталышы мүмкүн эмес (601- жана 61-беренелер).

2) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонду төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- 150 000 сомдон ашпаган талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттары;
- 1 000 000 сомдон ашпаган талапкерге аны көрсөткөн саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;
- 200 000 сомдон ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;
- 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебине түшкөн жана жумшалган чыгымдарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон аша албайт (621-берене)..

Бир мандаттуу округда депутатты шайлоо:
1) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын (жөнөкөй көпчүлүк добуш) алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат (64-берене).

2) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты чыгып калган учурда депутаттын бош мандаты пайда болгондон кийин эки айдын ичинде тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округунда чыгып калган депутаттын ордуна Президент тарабынан дайындалган жаңы шайлоо өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же болбосо бир жылдан аз убакыт калганда Жогорку Кеңештин депутаты чыгып калган учурда чыгып калган депутаттын ордуна шайлоо өткөрүлбөйт (59- жана 65-беренелер).

2. Бирдиктүү округ боюнча 55 депутатты шайлоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр:
55 депутат колдонуудагы пропорциялык тутум боюнча шайланат.
Мында мыйзам долбоору менен ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун региондук босогосу 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө (64-берене).
Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партия 55 талапкерден ашпаган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин көрсөтөт (60-берене).
Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн төмөнкү квота сакталууда (64-берене):
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

3. Шайлоо бюллетени
Шайлоо участогунда добуш берүү күнүндө шайлоочуга 2 бюллетень берилет:
► Бири – бирдиктүү шайлоо округу боюнча
► Экинчиси – бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Жогорку Кеӊештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулакта аныкталган кезек менен белгиленет. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчүкулакта аныкталган кезек боюнча камтып турат (30-берене).

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨГҮ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору ТИМдин сунушу боюнча жана аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүнчүлүгү каралууда б.а. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагынан тышкары жерде дагы шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн (2- жана 13-беренелер).

Этиятсыздыктан кылмыш жасап соттолгон жарандарга шайлоо укугун берүү сунушталууда (3-берене).

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы боюнча 01.07.21деги маалымат (в рабочем порядке):
- түзөтүү колонияларында жаза өтөп жаткан соттолгондордун жалпы саны - 4769 адам. Этиятсыздык менен соттолгондордун саны болжол менен 20-25% түзөт. Так саны расмий суроо боюнча берилет.
- колония-поселенияларда - 1906 адам;
- тергөө изоляторлорунда - 1703 адам (алардын ичинен болжол менен 1600 адам добуш берүү укугуна ээ).

Талапкерлердин статусу:
Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти, жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, саясий кызматчы болуп саналган талапкерлер; мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашык болгон ишкананын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчиси Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот (21-берене).

Агитация:
– Диний ырым-жырымдар өткөрүлүүчү имараттарга, аларга тийиштүү курулмаларга жана аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүшү бар объектилерге, электр станцияларга, темир жолдорго, муңайзат түтүктөрүнө, жогорку вольттуу электр өткөрмөлөрүнүн чубалгыларына жакын жерде (100 метрден кем эмес), пенитенциардык тутум объектилерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки балдарга билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелерине жакын жерде (100 метрден кем эмес) үгүт иш-чараларын өткөрүүгө жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө үгүт материалдарында диний тематикадан түз же кыйыр өздөштүрүлгөн белгилерди же шилтемелерди камтыган маалыматтын бөлүктөрүн же элементтерин (сүрөттөрүн) чагылдырууга же башкача колдонууга жол берилбейт (28-берене).

– Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартуу, ошондой эле аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин колтамга чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсү администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу түрүнө киргизилет. Мындан тышкары, аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарып, таратууга тыюу салынат (211- жана 22-беренелер).

Шайлоо күрөөсү боюнча:
– Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан кем эмесин алган талапкерлерге, ошондой эле шайлоо өтпөй калды же жараксыз деп таанылган учурда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү каралууда
(41-берене).
– Мыйзам бузуунун натыйжасында талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин жокко чыгарылган учурда талапкер, саясий партия төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет (41-берененин
161-бөлүгү).
– Шайлануусу жараксыз деп таанылган саясий партия төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет (41-берене).

 Каттоо жана каттоону жокко чыгаруу:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кошумча төмөнкүлөр тапшырылат:
- талапкердин жана анын жакын туугандарынын БШК бекиткен форма боюнча кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтар же болбосо:
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалганга чейин мурунку жыл үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын көчүрмөсү
(61-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту).

Талапкер, анын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин жүргүзгөн учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат (46-берене).

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
– Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө мезгилинде талапкер, саясий партия тараптан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен одоно бузууларга жол берилсе, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууга укуктуу.
Добуш берүү күнүнөн кийин шайлоо мыйзамдарын бузууну белгилөөнүн натыйжасында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган учурда шайлоочулардын талапкер, саясий партия үчүн берилген добуштары жараксыз деп таанылат жана шайлоо бюллетендери жараксыз бюллетендерге кошулат.
Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөө максатында мыйзам бузуусунун натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санында эсепке алынбайт. Мындай талапкер, саясий партия Жогорку Кеңештин кийинки депутаттарын шайлоого катышуусуна жол берилбейт (37-берене).

Ошол эле учурда, анын ичинде, эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча жараксыз деп таанылган добуш берүүнүн жыйынтыгы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт (37-берене).

Каржылык ачык-айкындуулук боюнча:
Каржылык ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында конституциялык Мыйзамга шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоочу маселелерди кыйла так жөнгө салууну белгилеген өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын бөлүү, талапкер же саясий партия өз шайлоо фондунун жалгыз гана атайын эсебин ачууга укуктуулугун аныктоо, каржылык отчёттулук боюнча талаптарды күчөтүү ж.б. сунушталууда.

Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу деген ченем алынып салынууда (41-берененин 10-бөлүгү).

Жогорку Кеңешти шайлоодо добуш берүү күнү иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт өткөн айдын биринчи жекшембисинен акыркы жекшембисине алмаштырылууда (59-берене).

Мындан тышкары, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө багытталган, ошондой эле колдонуудагы конституциялык Мыйзамга редакциялык жана тактоочу бир катар башка түзөтүүлөрдү карайт.

 фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх