Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, бошотулган

Бишкек шаарынын мурунку мэри мамлекетке 150 миллион сом төлөгөн

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов Биринчи Май райондук сотунун буйругу менен кылмыш иши тергелип бүтмөйүнчө кетпөө жөнүндө жазуу түрүндөгү милдеттенмеге алмаштырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Тергөө учурунда Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзүп, ага ылайык, Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча көрсөтмө берип, ошондой эле 170 миллион сомдун 150 миллион сомун компенсация катары төлөп берген.

Экс-мэр калган зыяндын ордун төлөө графигине ылайык төлөп берет.

Белгиленгендей, кылмыш ишинде бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх