Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду эскерди (сүрөт)

Эртең диний лидердин урматына  мечит ачылат

Бүгүн, 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду эскерди. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакта пайда болду.

Маалым болгондой, эскерүү жыйыны Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында, каза болгон муфтийдин кичи мекенинде өттү.

Иш-чарага жергиликтүү тургундар, өлкөнүн белгилүү диний ишмерлери жана учурдагы башкы муфтий катышты. Алар куран окушту.

Эске сала кетсек, бүгүн Чубак ажы Жалиловду эскерүү үчүн Жалал-Абад шаарында  конференция да болот. Ал эми эртең, 17-июлда Сузак районунун Барпы айылында анын урматына мечит ачылат.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов өлкөдөгү эң таасирдүү диний ишмерлердин бири болгон. Ал өткөн июль айында 45 жашында көз жумган. Ал түнү ооруканага оор абалда жеткирилген. Экс-муфтийге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Ал үйдө дарыланып жаткан.

 

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх