Россияда Борбор Азиядан келген мигранттар атышып, массалык мушташ уюштурушту
Белгиленгендей, бул Москва облусунда акыркы жумада мигранттардын ортосундагы үчүнчү мушташ
20 чакты мигрант Апрелевкадагы турак үйдүн короосунда атышуу менен массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу ТАССтын орусиялык басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Алардын айтымында, жаңжал 18-июлга караган түнү болгон. Так себеби аныкталууда.
«Апрелевкадагы турак үйлөрдүн биринде 20 чакты адам массалык мушташ өткөрүштү. Анын катышуучулары Борбор Азиядан келген мигранттар болуп калганы алдын ала аныкталган. Мушташ учурунда алар таяктарды, бөтөлкөлөрдү колдонгон, атышуу болгон ”, - деп билдирди булак.
Чыр-чатактын натыйжасында, короодо токтоп турган бир нече унаа жабыркаган.
Мигранттардын ортосундагы бул мушташ акыркы жумада Москва районунда болгон үчүнчү мушташ экендиги белгиленди.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www