Исхак Пирматов кетпөө тил каты менен бошотулду
Экс-депутат тергөө менен кызматташууга макул болду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 15-июлундагы чечими менен камакка алуу түрүндө мурда колдонулган алдын-алуу чарасы шектүү Исхак Пирматовго эч жакка кетпөө тил каты менен өзгөртүлгөн.
Ал туруктуу жана убактылуу жашаган жеринен тергөөчүнүн же соттун уруксатысыз чыгып кетпөөгө, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө жана процесстин жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, белгиленген убакытта чакырганда келүүгө милдеттенме алган.
Учурда Башкы прокуратуранын улук прокурору менен Пирматовдун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлгандыгы маалымдалды.
Сүрөт www