Садыр Жапаров жана анын уулу COVID-19га каршы вакцина алышты
Мамлекет башчысы кытайлык Sinopharm вакцинасына артыкчылык берди
Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды.
Анын катышуусундагы иш-чара "Бишкек Парк" соода борборунда өттү.
Президент кыргызстандыктарды коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн вакцина алууга чакырды.
Ошол эле учурда анын уулу Рустам Жапаров дагы вакцинаны алган.
Белгилей кетсек, мамлекет башчынын басма сөз кызматы журналисттерге Садыр Жапаровго суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз