Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жөө да жүрдү, ат да минди - бышып жетилди". Тилек Токтогазиев "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болду

Ага партиялык күбөлүк тапшырылды

Экс-министр Тилек Токтогазиев "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармакта билдирди.

"Биз адамдын диктатурасын жок кылабыз жана мыйзамдын диктатурасын орнотобуз" деп жазган Токтогазиев.

Маалым болгондой, бүгүн, 23-июлда партиянын штабында Токтогазиевге партиялык билет тапшырылып, "Ата Мекендин" ардагерлери ага каалоо-тилектерин айтышты.

"Тилек Токтогазиев - Октябрь революциясынын лидерлеринин бири" деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. «Алар ага ок атып, таш менен урушту, ал өлүм менен өмүрдүн ортосунда болчу. Ал жөө да жүрдү, ат да минди  - бышып ​​жетилди. Эми ал өзүнүн саясий келечегин биздин партия менен байланыштырды.

Эскерте кетсек, Тилек Токтогазиев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх