Сот Асылбек Жээнбековду камакта калтырды
ЖКнын мурдагы төрагасынын баш коргоо чарасы 30-сентябрга чейин узартылды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков 30-сентябрга чейин камакта калат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Асылбек Жээнбековго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүшкө, башкача айтканда ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартылды.
Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков Кумтөр иши боюнча кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз