Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алар Сирияга жеткирүүнү каалашкан». Кыргызстанда жалданган чет элдиктер

МТОнун ишине катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда

Бишкекте "ИГ" эл аралык террористтик уюмуна тиешеси бар чет элдик жарандар тобунун иш-аракеттери зыянсыздандырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жогоруда аталган чет мамлекеттин жарандары А.Т. жана Д.Н., кийинчерээк террористтик акцияларга түрткү берүү максатында МТОнун "ИГ"га  ант берип, Кыргыз Республикасынын калкынын диний бөлүгү арасында жалдоо иштерин жүргүзүшкөн, ошондой эле жакынкы келечекте Сириядагы куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймактарга өтүүнү көздөгөн.

Учурда УКМК тарабынан МТОнун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх