Депутат Ормонов Артем Новиковдун ишин сынга алды
ЖК депутаты Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбай жаткандыгын белгиледи
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКДФ) башкармалыгынын төрагасынын ишин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-июлда парламенттин отурумунда билдирди.
- Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө айткым келет, - деди эл өкүлү. -Артем Новиков анын төрагасы болуп дайындалган. Ал өкмөттө иштеп көнүп калгандыр. Ал жерде иштей баштагандан бери бир дагы долбоор карала элек. Жакшы долбоорлор келет, бирок белгилүү болгондой, алардан баш тартышат экен. Фонддун милдети жумуш орундарын түзүү жана жакшы долбоорлорду жактыруу эмеспи? Бул маселени карашыбыз керек.
Эскерте кетсек, май айында Артем Новиков Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.
Сүрөт www