Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгон
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов жаңы мэр шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгону белгиленди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз