Президенттин иш башкармалыгына Бактыбек Кудайбергенов жетекчи болуп дайындалды
Бишкектин мурдагы мэри жаңы жамаатка тааныштырылганын билдирди
Бишкектин мурунку мэри Бактыбек Кудайбергенов Vesti.kg сайтына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалышы боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, бир нече мүнөт мурун ал жаңы жамаатына тааныштырылган.
- Президенттин администрация башчысы мени беш мүнөт мурун жамаат менен тааныштырды, - деп түшүндүрдү Кудайбергенов. - Дайындоо боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы бар. Эртең менен мен каалаган кызматка макул болом дегем.
Эске сала кетсек, бүгүн, 2 -августта Бактыбек Кудайбергенов кызматтан кетип, анын ордуна Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев келери белгилү болгон
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз