Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр иши боюнча мурдагы премьер -министр Темир Сариев кармалды

Баш коргоо чарасы жакынкы 48 саатта каралат

УКМКнын кызматкерлери экс-премьер-министр Темир Сариевди Кумтөрдүн иши боюнча кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканы такталды.

Бүгүн тергөө мурдагы премьер -министр Темир Сариевди камакка алуу чечимин кабыл алды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сариев экономика министри болуп туруп, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы кезинде, Кумтөр кенин иштетүүдөн экологиялык зыяндын көлөмүн бир нече миллиард сомго баалабагандыгы аныкталган, анын натыйжасында мамлекет ири зыян тарткан.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Темир Сариевге карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин жакынкы 48 саатта карайт.

УКМКнын басма сөз кызматы 
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх