Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга барат

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх