Равшан Жээнбеков: Мен кайра түрмөгө барууга даярмын. Бул кыргыз саясатчыларынын тагдыры (видео)
Экс-депутат СИЗО-1ге кайра камакка барууга камданууга
Экс-депутат Равшан Жээнбеков CИЗО-1ге кайра барууга даярданып жатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында жарыялады.
Экс-парламентарийдин айтымында, Башкы прокуратурдан кечээ ага карата баш коргоо чарасын катаалдатып, СИЗО-1де камакта калтыруу боюнча арыз түшкөн.
«Түрмөдө көптөгөн көйгөйлөр бар. Алардын бири чач тарачтын жоктугу. Ушундан улам, биз чачыбызды өзүбүз кыркууга туура келет, машинаны өзүбүз сатып алабыз. Бүгүн чач тарачка барып чачымды кырктырдым. Ошентип, мен кайра түрмөгө барууга даярмын. Бул тагдыр, бул кыргыз саясатчысынын жолу, айрыкча акыркы 20 жылдан бери активдүү саясатта жүргөн, дайыма демократия, адам укуктары жана эркиндик үчүн күрөшкөн адамдын жолу. Бирок мен билген бир нерсе - саясатчыларды түрмөгө камоо, саясий оппоненттерин куупгунтуктоо менен биз эч качан ийгиликке жете албайбыз. Бул тунгуюк жол. Менин оюмча, биздин жаңы бийликтер, менин досторум жана кесиптештерим муну түшүнүшөт », - деди Жээнбеков.
Канышай Балкыбекова
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз