Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26 -августта өтөт

БШК мүчөлөрү добуш берүү процедурасы мыйзам бузууларсыз өтөт деп үмүттөнүшөт

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26 -августта өтөт. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов тастыктады.

Анын айтымында, мындай чечимди кесиптештери бүгүн, 6 -августта кабыл алышты.

Белгилүү болгондой, шаардык кеңештин депутаттары мэрликке талапкерлерге купуя добуш беришет.

Фракциялар, кабинеттин төрагасы жана шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы өз талапкерлерин көрсөтө алышат.

Эске сала кетсек, азыр Бишкек шаарынын мэринин милдетин буга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген Таалайбек Сарыбашов ээлейт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх