Дастан Дүйшекеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду
Дастан Дүйшекеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тиешелүү буйрукка кол койгон.
Дүйшекеев 1987 -жылы 12 -декабрда туулган. 2010 -жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана регион таануу факультетин аяктаган. 2015 -жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "Эл аралык мамилелер" адистигин окуп аяктаган.
2020 -жылдын октябрынан ноябрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Премьер -министринин басма сөз катчысы.
Дүйшөкеевдин акыркы кызматы КРнын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болгон.