Умбеталы Кыдыралиев "Кыргызалтын" ААКтын жетекчиси болуп дайындалды
Мандатын тапшыра элек ЖКнын азыркы учурдагы депутатын жаамат менен тааныштырганга жетишишкен
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын жардамчысы тастыктады.
Кыдыралиевди жаңы жаамат менен тааныштырганы дагы жетишишкен. Кийин белгилүү болгондой, анын дайындалышынын демилгечиси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болгон, анын башчысы Мирлан Бакиров.
Парламентте Умбеталы Кыдыралиев Республика-Ата Журт фракциясынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз