Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан учуп кетти
Мурдагы премьер -министр дарыланууга кеткени айтылды
Мурдагы премьер -министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан учуп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчынын жакын санаалаштары билдиришти.
Алардын айтымында, Бабанов диагностикадан өтүү үчүн Кыргызстандан бир нече апта мурун чыгып кеткен. Ал ден соолугуна арызданып келген.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Бабановдун ден соолугунун начарлашына байланыштуу тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болгон. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.
2021-жылдын июнь айында Өмүрбек Бабанов жана депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген. Алар бул иштин саясий оңүтү бар деп эсептешет.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www