Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев Жириновскийдин билдирүүлөрү боюнча: Бул болбогон куру сөз!

Эл өкүлү Госдуманын депутаты болбогон жерден жөнү жок саясий реклама кылды деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызстанда орус тилинин кысымы тууралуу айткандарына комментарий берди.

Анын айтымында, орусиялык кесиптешинин билдирүүлөрү Мамлекеттик Думага боло турган шайлоого байланыштуу - муну менен Жириновский өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пиар жүргүзүүдө.

Анын үстүнө Бекешев Жириновскийдин саясый өнөктүгүн "болбогон жерден жөнү жок саясий реклама кылуу" деп баалаган.

«Кечээ Жириновский биздин өлкөдө орус тилинин кысымы тууралуу истерика жасады. Бул толугу менен куру сөз. Россиянын депутаттыгына талапкерлер КМШ өлкөлөрүнө жана мигранттарга тийишсе, таң калуунун кереги жок. Бул жөн гана жөнү жок саясий реклама »,- деди эл өкүлү.

Бирок, ал мындай билдирүүлөр айрым эмгек мигранттарына зыян келтириши мүмкүн, ошондой эле аларга карата зомбулукту күчөтүшү мүмкүн деп эсептейт.

Эске салсак, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды үзүү ниетин балдар оюн -зоок борборунда болгон окуядан кийин билдирген, анда мас абалындагы адам орус тилинде тейлөөсү үчүн ал жердин кызматкерине кол көтөргөн.

Кечээ Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын жанында нааразылык акциясын өткөргөн.

Кийинчерээк ТИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Жириновский менен жолугушуп, "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү"  аттуу III кыргыз-россия бизнес форумуна катышууга чакырган.

Өз кезегинде, саясатчы бул форумга катышууга кызыкдар экенин билдирип жана Либерал-демократиялык партиянын өкүлдөрүн бул форумга келүүгө чакырды.

Ал жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргызстандын туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасына барып келүү сунушун киргизген.

Жириновский ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Ч.Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх