Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти
Оштун мурунку мэри ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов бул кызматта 10 күндөй иштеп, ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына өзү жарыялады.
Анын айтымында, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен жана кетүү чечими саясатка байланыштуу эмес.
Мындан тышкары, Сарыбашов президент Садыр Жапаровго көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.
«Мен борборду жакшыртуу максаты менен мэрдин милдетин аткаруучу кызматында иштеп баштагам. Белгилеп кетким келет, менин кызматтан кетүүм саясатка байланыштуу эмес, бул белгилүү себептерден улам менин жеке чечимим», - деди Сарыбашов.
Эске салсак, ушул жылдын 1 -августунда Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалган. Буга чейин ал Ош шаарынын мэри болгон.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www