Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдыз Бакашова Бишкекте эмдөөнүн темпи төмөн экенин белгилеп, мэриянын ишин жетишсиз деп баалады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, эмдөө өнөктүгүн, анын ичинде медицина кызматкерлери арасында вакцинациялоонун жүрүшү тууралуу талкуу жүрдү.

Жылдыз Бакашова борбор калаада эмдөөнүн темпи төмөн экенин белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясынын райондор боюнча ишин жетишсиз деп баалады.

Шаардык муниципалитетке эмдөөнүн жай темпине анализ жүргүзүү тапшырылды, андан кийин структуралардын компетенттүү жетекчилерине карата дисциплинардык чаралар көрлүшү керектигин билдирди.

Жылдыз Бакашова ошондой эле вакцинациялоо темпин ылдамдатуу зарылдыгын белгилеп өттү.

Берилген маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте, калкты тейлөө борборлорунда, унаа ээлери жана айдоочулар үчүн калкты тейлөөчү борборлорунда, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө белгиленген санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен COVID-19га каршы эмдөө үчүн убактылуу эмдөө пункттарын ачуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. 

 

 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин эмдөө маселеси боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилерине коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды алуунун маанилүүлүгү жана зарылдыгы тууралуу жамааттар арасында түшүндүрүү иштерин улантуу жана кызматкерлердин эмдөө маселесин толук камсыз кылуу буйругу тапшырылды. 

Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх