Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн суракка чакырылды? УКМКнын жообу

Атайын кызмат тергөө иштерин мурдагы мамлекет башчысы менен улантаарын жана бардык күнөөлүүлөр артыкчылыгына жана регалиясына карабай жазаланарын кошумчалады

Сооронбай Жээнбеков Кумтөр иши боюнча УКМКда сурак берди. Бул маалымат УКМКнын басма сөз борборунда тастыкталды.

Экс-президентти суракка алуу 2017-жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшү менен байланыштуу экени такталды. Ал учурда Жээнбеков премьер -министр болуп иштеген.

Белгиленген кылмыш иш-аракеттеринин жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл болгон тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Жээнбеков менен тергөө иштерин улана турганын белгилейт.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, күнөөлүү деп аныкталган айыпталуучулардын ээлеген кызматына, артыкчылыгы жана регалиясына карабай, объективдүү укуктук баа берилет.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх