Президент Садыр Жапаров участкалык милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүү демилгесине каршы чыкты
Мамлекет башчысы Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо менен алектениши керек деп эсептейт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди.
Анын айтымында, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек.
Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.
Мамлекет башчысы белгилегендей, азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат.
Эске салсак, 2021 -жылдын августунун башында Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине бир айдын ичинде экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн райондук бийликке укук берүүчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну тапшырган.
«Кечээ Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактык инспекторлорунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселелери талкууланды. ИИМдин Коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сталбек Рахманов жумушчу топтун бардык мүчөлөрү тажрыйбалуу адистер экендигин жана берилген тапшырманы өз убагында жана сапаттуу аткараарына күмөн жок», - деп билдиришти Каржы министрлигинен.
Президенттин администрациясы
Сүрөт www