Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арсланбек Малиевге борбордо берилген 18 сотых жер боюнча сот тыныгуу алды

Кийинки соттук отурум 18-августта улантылат

Бишкек шаардык соту экс-депутат Арсланбек Малиевге берилген 18 сотых жер тилкеси боюнча доо арыз алкагында териштирүүгө тыныгуу жарыяларды.

Кийинки соттук отурум 18-августта улантылат.

12-августта Бишкек шаардык соту мэриянын Жер ресурстар башкармагынын Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Арсланбек Малиевге Бишкектин борбордук районунан берилген жер тилкеси боюнча доо арызы алкагында улантылып жаткан териштирүүгө 6 күндүк тыныгуу жарыялады.

Белгилей кетсек, 1991-жылы Чокморов 164 дарегиндеги аянты 262 чарчы метрди түзгөн имарат Арсланбек Малиев жетектеген «Аалам» жеке ишканасына берилген.

Кийин Арсланбек Малиев Жогорку Кенештин депутаты болуп турганда шаар бийликтерине кайрылып 262 чарчы метрдин ордуна 1800 чарчы метр жерге ээлип кылып калат. Башкача айтканда 1997 жылы 18 сотых жер тилкеси Бишкек мэриясынын токтому менен колдонууга берилген.
Бир нече жыл мурун Арсланбек Малиев менен «Бабек ЛТД» курулуш компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде аталган жер тилкесине 12 кабат үй салынган.

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы 1997-жылы аталган жер тилкесин Арсланбек Малиевге берүүдө одоно мыйзам бузуулар болгону тууралуу бүтүм чыгарган.
Аталган бүтүмдөн кийин доогер - мэриянын Жер ресурстары башкармалыгы Арсланбек Малиевге берилген жердин мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылган эле.

Учурда аталган доо арыз боюнча соттук териштирүү Бишкек шаардык сотуна өтүп, 12-августта кезектеги отурум болуп өттү.

Бишкек мэриясы жана «Кадастрдын» Бишкектеги филиалы жоопкер катары катышкан отурумда «Бабек ЛТД» ишканасы үчүнчү жак катары катышууда.

Отурумда мэриянын Жер ресурстар башкармалыгынын жактоочусу Арсланбек Малиевге 18 сотых тилкесинин берилиши тууралуу документти жокко чыгарууну өтүндү.

Прокуратура кызматкерлери жана Арсланбек Малиевдин жакточусу аталган соттук иш алкагында тийиштүү документтерди сотко тапшырды.

Бишкек шаардык соту тараптарты угуп, тийиштүү документтерди алган соң соттук териштирүүдө 18-августка чейин тыныгуу жарыялады.

Кийинки отурумда Арсланбек Малиевге аталган жер тилкесин берүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу чечим чыгаары күтүлүүдө.

Алия Медет

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх