Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев президентке Ооганстандагы абал боюнча кеңеш берди

Депутат Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү керектигин белгиледи

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу кандай аракеттерди көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

"Мен Ооганстан боюнча эксперт эмесмин, бирок менин оюмча, биздин президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Ооганстандан качкындар агымы бизге дагы келчү болсо, иш кадамдарыбызды алдын ала ойлонуш керек. Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздарга кантип жардам бере алабыз? Биздин өлкөдө окуган же жашаган ооган жарандарына кантип жардам бере алабыз?"- дейт билдирүүсүндө.

Эске салсак, талип согушкерлери 15 -августта Ооганстандын бүт аймагында көзөмөлгө ээ болгонун жарыялашкан. Президент Ашраф Гани отставкага кетти.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх