Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орхан Инандынын иши: Аскер прокуратурасы УКМКнын чек арачыларына каршы иш козгоду

Алар шалаакылыкка, ошондой эле кызматтык тартипти бузууга шектелүүдө

Аскер прокуратурасы УКМКнын чек арачыларына кылмыш ишин козгоду, алар «Сапат» мектеп тармагынын президенти Орхан Инандыны өлкөдөн чыгарылып кетүүгө уруксат беришти. Vesti.kg бул маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Шалаакылык) жана 371-беренеси (чек арада кызмат өтөө эрежесин бузуу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда Бишкекте жоголуп, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырган. Инандынын дайынсыз жоголушу фактысы боюнча "Уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк, 6-июлда, Режеп Тайип Эрдоган жумурияттын министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки телекайрылуусунда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы кармап, Түркияга алып келгенин айткан.

Мамлекеттик айыптоо Инандыны 22,5 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх