Саламаттыкты сактоо министрлиги Алмазбек Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүүгө даяр
Министрлик экс -президентти кайсы күнү алып келишпесин, ага жана конвойго орун даяр экенин билдирди
Саламаттыкты сактоо министрлиги экс -президент Алмазбек Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу "Азаттык" агенттиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Гүласыл Сутуева Биринчи Май райондук сотунан Атамбаевге медициналык текшерүүдөн өтүү зарылдыгы тууралуу кат келгенин айтты.
Маалым болгондой, мындай экспертиза оорукананын шартында гана жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондуктан, Кардиология жана терапия борборунда орун даярдалган.
"Биз 30 -июлда Биринчи Май райондук сотуна медициналык экспертиза жүргүзүүгө жана анын жыйынтыгын соттук -медициналык экспертизага берүүгө даяр экенибиз тууралуу кат жөнөттүк", - дейт Гүласыл Сутуева. - Кат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына да жөнөтүлгөн. Биз күтүп жатабыз. Алмазбек Атамбаевди кайсы күнү алып келишпесин, ага жана конвойго орун даярдалат. Биз медициналык кароодон өткөрүп, жыйынтыгын билдирүүгө даярбыз.
Мурдагы мамлекет башчынын адвокаттары ал колонияда жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон дарыланууга муктаж экенин бир нече жолу билдиришкен.
Сүрөт www