Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келген жок

Коопсуздукту камсыздоо максатында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде убактылуу чек ара посттору орнотулган

Кыргызстанга Ооганстандан качкындар келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызматтар Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок экенин эске салышты.

Ошол эле учурда чек ара башкармалыгы Ооганстанда болуп жаткан окуяларды жана Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактардагы абалды тыкыр көзөмөлдөп турат.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүктөрүнүн кызматтары менен өз ара кызыкдар болгон маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирди. Мамлекеттик органдар жана укук коргоо органдары биргелешкен аракеттер планын жана мамлекеттик чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгышты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо максатында убактылуу чек ара заставалары орнотулган, УКМКнын Чек ара кызматы башка укук коргоо органдары менен биргеликте пландуу чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар уруксат кагазы болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу Кыргызстандын аймагына кире аларын эскертет.

Мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. 

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх