Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Интернеттеги баракчаларды жаап, блокировка кылуу менен элди өзүңө тарта албайсың

"Жей турган тамагы жок адамды бийликке нааразычылыгын айтуудан эч кандай блок токтотпойт"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун жалган маалыматка каршы мыйзамга кол койгону боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, президентке, депутаттарга, министрлерге, сотторго жана жок дегенде кандайдыр бир ыйгарым укуктарга ээ болгондорго каршы сөз айтууга батынган провайдерлер, уюлдук операторлор жана интернет колдонуучулар үчүн коркунучтуу.

«Өлкөдө кризис, өкмөт болсо "ачуу "тилдерден коргоонуу үчүн элдин акчасын бюджеттен коротууга даяр. Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернеттеги баракчаларды жабуу, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсын. Коркутасың, бирок сый ала албайсың. Бул элдин кыжырын келтирет. Жей турган тамагы жок адамды бийликке нааразычылыгын айтуудан эч кандай блок токтотпойт », - деп жазган Бекешев Фейсбуктагы баракчасына.

Ал жарандар бул мыйзам долбоорун алдыга жылдырган депутаттарга, өзгөчө позициясын өзгөрткөн депутаттарга ыраазычылык билдириши керек деп эсептейт.

«Бул мыйзам долбоорун алдыга жылдырган депутаттарга жана өзгөчө позициясын оңой алмаштырган депутаттарга «рахмат» айтса болот. Жеңил ойлуу аял да макулдук берүүдөн мурун кылыктанат ”, - деп жыйынтыктаган парламентарий.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх