Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар тапшырылды
Салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында өттү
Түштүк борбордун мэри Алмаз Мамбетов менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов мушкер Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батирдин сертификатын жана 10 миң доллар тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында өттү.
Квартиранын сертификатын спортчуга муниципалитет тапшырды.
Ошондой эле, ал жана анын машыктыруучулары 200 миң сом менен сыйланышты.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз