Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Суу ресурстарын коргоо Мамлекеттик экология жана климат боюнча комитеттин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат

Мамлекет, чындыгында, көп жылдардан бери Кыргызстандын суу ресурстарын коргоо менен алектенбейт. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы бөлүмү бул жаатта ишти иретке келтирүүгө чакырылган. Ал өлкөдөгү бардык табигый суу объектилерине мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болот. Республиканын Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Сары-Челек сыяктуу ири көлдөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. Бул аймактарды табигый тең салмактуулукту бузбай кантип өнүктүрүүнү түшүнүү үчүн экологиялык жана экономикалык баа берилет.

«Биздин мамлекеттик комитет приоритеттүү изилдөөлөрдүн тизмесин иштеп чыкты, анын негизинде башкаруу чечимдери кабыл алынат. Мамлекеттик бюджетке "Илимий изилдөө үчүн" деген жаңы чыгашалар статьясы киргизилген, бул айрым аймактарды изилдөө үчүн мамлекеттик заказды жайгаштырууга мүмкүндүк берет ", - деп билдирди Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова.

Биринчи кезекте жүргүзүлө турган изилдөөлөрдүн бири Ысык-Көлдөгү тазалоочу курулмаларды модернизациялоого арналган. Динара Кутманованын айтымында, бүгүнкү күндө алардын 20 пайызы гана тазалоонун бардык технологияларына ылайык туура иштеп жатат. Көлдүн жээгиндеги бардык пансионаттарда жана калктуу конуштарда тазалоочу курулмаларды куруу жана реконструкциялоо пландалууда.

Ошондой эле, алынган маалыматтардын негизинде Ысык-Көлдүн табигый аймагынын борбордук экологиялык зонасында агынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат. Документте көлдүн жээктерин жана акваториясын жетишсиз тазаланган тиричилик саркынды суулары менен булганышын алдын ала турган чаралар каралган.

Жылдын аягына чейин мамлекеттик комитет экология көз карашынан алганда Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча даяр программаны сунуштоону убада кылууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх