Бишкек шаарынын Биринчи вице -мэри Биринчи Май районунун акими болуп дайындалды
Тиешелүү буйруктарга Айбек Жунушалиев кол койгон
Борбор калаанын Биринчи Май районунун акими Нусувалиев Максат Орозбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, башка буйрук менен борбордун биринчи вице-мэри Ырсалиев Жамалбек Самарбекович район башчысынын бош кызмат ордуна дайындалган.
Белгиленгендей, тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.
Мэриянын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз