Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадрдык өзгөрүүлөр. Бишкек мэриясынын жаңы вице -мэрлери

Буйруктарга Айбек Жунушалиев кол койгон

Бишкек шаарынын мэриясында вице -мэрлик кызматтарга жаңы адамдар дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Максатбек Сазыкулов шаардын биринчи вице-мэри болду. Ал турак жай -коммуналдык чарбаны жетектей турганы белгиленген.

Вице-мэрлик кызматка Мирланбек Байгөнчөков дайындалды. Ал экономика жана финансы маселелерин көзөмөлдөйт.

Азат Узаков баш калаанын жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэри болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх