Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган өкүмдөр жокко чыгарылды
Сот ишти кароого кайтарып берди
Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибековго карата өкүмдөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
- Жогорку инстанциянын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015 -жылдын 12 -ноябрындагы өкүмдөрү, Бишкек шаардык сотунун 2016 -жылдын 11 -мартындагы өкүмдөрү жана Ахматбек Келдибековго карата Жогорку соттун 2016 -жылдын 13 -октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган, деп билдирди Жогорку Сот.
Маалым болгондой, Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап чыгуу өтүнүчү канааттандырылган.
Кылмыш иши жаңы кароого борбордун Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, Ахматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталууда.
Сүрөт www