Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун башчысы жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзөт

Жыл башынан бери 86 жеке кабыл алуу өткөрүлдү

Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзөт. Бул жолу шаардыктар Ю.Фучик паркынын абалын жакшыртуу, жолбун иттерди кармоо, стерилизациялоо жана эмдөө боюнча Тайган долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле райондун жашоосуна байланышкан башка маселелер боюнча кайрылышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардыктардан, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине келген бардык кайрылуулар боюнча, берилген бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 86 жеке кабыл алуу өткөрүлгөн.

- Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Эске салсак, жетекчи жеке кабыл алуусун ар бейшемби күнү саат 15.00дө жазылуу боюнча өткөрөт, - деп айтылат муниципалитеттин билдирүүсүндө. -Сиз (0312) 65-69-05, 65-69-09 телефондоруна чалып жазылсаңыз болот.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх