УКМК кызматкерлери туруктуу баңги каналын токтотушту
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
УКМКнын кызматкерлери Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн баңги тобун аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, ушул жылдын 4-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында ыкчам-иликтөө тобу баңги заттын дагы бир партиясын сатууну көздөгөн Кыргыз Республикасынын жараны Ю.Б.У.ну кармашкан.
Белгиленгендей, кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда УКМКнын кызматкерлери баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам -иликтөө иш -чараларын улантууда.
Фото www