Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын курама командасынын футболчулары оюндан кийин Садыр Жапаровго топту белек кылышты (видео)

Президент спортчулардын чечинүүчү бөлмөсүнө барып, аларды жеңиши менен куттуктады

Кыргызстан-Бангладеш беттешинен кийин президент Садыр Жапаров улуттук команданын оюнчулары менен жолугуп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Кадрларда Садыр Жапаров команданын ар бир мүчөсүн кантип кол алышып учурашканы жана куттуктаганы көрсөтүлгөн.

- Молодец, жигиттер, - президент оюнчуларды мактады. - Силер жакшы оюн көрсөттүңөр.Чоң рахмат. Силерге мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.  Силер али жашсыңар, силердин келечегиңер баары алдыда.

Спортчулар өз кезегинде команданын атынан топту Жапаровго тапшырышты.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча Үч Улуттун Кубогунда Бангладештин командасын 4: 1 эсебинде утуп алган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх