Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов түрк компанияларын Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Министрлер кабинетинин башчысы Түркиядан келген 30дан ашык ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында түрк бизнесмендери менен консультативдик жолугушууга катышты.

Жолугушууга 30 ашуун бизнесмен катышып, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү ортосундагы өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасында жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

«Түркия Республикасы – Кыргыз Республикасынын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү. Бүгүнкү күндө биздин өлкө Түркия Республикасы менен ар кыл тармактарда мамилелерибизди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Атап айтканда, 2022-жылга чейин ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий узартылган, Антикоррупциялык ишкерлик кеңеш түзүлгөн. Мындан тышкары, менчикти коргоого алуу жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоого алуу жөнүндө документ кабыл алынган.

Түрк бизнесмендери, анын катарында биздин өлкөдө көптөгөн жылдар бою иштеген бизнесмендер инвестициялык кызматташтык боюнча өз идеялары менен бөлүшүп, ошондой эле республикадагы ишкерликти жүргүзүү боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов түрк компанияларын Кыргыз Республикасына, өзгөчө энергетика, өнөр-жай, айыл чарба, туризм, тоо-кен жана саламаттык сактоо сыякттуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоого чакырды.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх