Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Корея КРнын Улуттук коопсуздук комитетине кибер коопсуздукту чыңдоого жардам берет

KOICA Кыргызстанда тиешелүү долбоорду каржылайт

УКМК Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен "Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү" гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду.

Салтанатка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вонжаэ жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу катышты.

"Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге чара көрүү борборун түзүү" долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын бекемдөөгө багытталган.

KOICA долбоорунун алкагында SOC борборунун өзүн түзүү, жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда.

Долбоордун узактыгы 5 жыл (2021-2025) болот. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттын суммасы 5 миллион долларды түзөт.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх