Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик каратист Калыс Нурланбек уулу КМШ оюндарында алтын утуп алды (фото)

Мелдештер Казанда өттү. Шериктештикке кирген 9 өлкөнүн спортчулары катышты

Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, ФК жана спорт бөлүмүнө караштуу Октябрь районунун спорт мектебинин бүтүрүүчүсү Калыс Нурланбек уулу КМШ оюндарынын алтын медалын жеңип алды.

Нурланбек уулу Калыс 67 кг салмакта күч сынашты. Анын машыктыруучусу - Бакыт Дүйшеев.

КМШ өлкөлөрүнүн оюндары 4 -сентябрдан 11 -сентябрга чейин Казанда (Татарстан) өттү.

Эскертүү: Оюндарга 1600гө жакын катышуучу жарыяланды, анын ичинен КМШнын 9 өлкөсүнөн 1100дөн ашык спортчу (14төн 23 жашка чейин).

Оюндар элдердин салттуу түрдө түзүлгөн достук байланыштарын чыңдоо жана КМШ өлкөлөрүнүн дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндарынын уюштуруучусу - Россия Федерациясынын Спорт министрлиги, аткаруучу уюму - AНO Спорт жана социалдык долбоорлор дирекциясы.

Бишкек шаарынын мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх