Садыр Жапаров Тажикстанга кайрадан иш сапары менен учат
Мамлекет башчысы Дүйшөмбүдө өтө турган эки жолугушууга катышат
Президент Садыр Жапаров 16 жана 17 -сентябрда Дүйшөмбүдө боло турган эки иш -чарага катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тышкы иштер министрлиги 16 -сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы болорун белгиледи.
Сессиянын жыйынтыгы боюнча ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Декларациясы кабыл алынат.
17 -сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Иранды ШКУга толук кандуу мамлекет катары кабыл алуу жол-жобосун ишке киргизүү маселеси каралат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз