Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозайым Нарматова: Күчтөр бириксе жаман болот. Бийликтегилер, акылыңарга келгиле!

Оппозициялык активист өлкө жетекчилигине кайрылуу жасады

Жакында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалып, күбө катары суракка алынган активист Орозайым Нарматова бийликке кайрылуусун социалдык тармакка жарыялады.

"Эгерде акыркы шайлоодо 12 партия бириккендей, көптөгөн күчтөр мыйзамсыз кармоолорго жана сөз эркиндигин чектөөгө каршы биригишсе жаман болот", - деп жазган Нарматова. - Бийликтегилер, акылыңарга келгиле! Кыргыздар жакырчылыкка, кымбатчылыкка чыдай алат, бирок адилетсиздикке, каралоого, басынтууга, калпка жана чыккынчылыкка чыдабайт.

Эске сала кетсек, активист Орозайым Нарматова 10 -сентябрда Ош аэропортунда кармалган. Ал жакын тууганынын жаназасынан кийин Москвага учмакчы болгон. Ал Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына жеткирилген. Көп өтпөй активист кыз күбө катары суракка алынганын айтып, кое берилген.

2020 -жылы парламенттик шайлоо учурунда Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы он тизмесине кирген. Активист Садыр Жапаровду абакта отурганда активдүү колдогон. Жапаров бийликке келгенден кийин Нарматова анын саясатын сындай баштады.

Учурда Нарматова Москвада.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх