­
Орозайым Нарматова - бийликке: Жанар Акаевге карата намек таштабагыла - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орозайым Нарматова - бийликке: Жанар Акаевге карата намек таштабагыла

Активист аза күткөнүнө карабай, ал болуп жаткан адилетсиздикти көрүп, унчукпай коё албасын белгиледи

Активист Орозайым Нарматова депутат Жанар Акаевди колдоп, ал дайыма чындыкты айткан саясатчылардын бири экенин белгиледи. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

"Жанар Акаев «17 бала менен бийликти басып алам»-дегидей сабатсыз эмес! Кандай акция, кандай митинг өткөрөм деген ою болбосун ар дайым алдын ала биринчи бийликке айтып, тынчтык акциясын өткөрүп келген. Мен аза күтүп, кан жутуп кетип жатканымда туура эмес айып тагып, телтеңдетип суракка алганыңардын айынан уят болдуңар эле эми минтип ар кандай видеолорду аймаак каналыңар менен монтаждап күнөөлөй берүү туура эмес! Азыркы жаштар арасында күчтүү, тайманбай туура чындыкты айтып жаткан саналуу саясатчылардын бири Жанар Акаевге намек таштабагыла. Мен аза күтсөм да чындык чыркырап жатса карап тура албаймын!"

Эске салсак, Интернетте экс-ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен телефон аркылуу сүйлөшүү пайда болгон. Генерал Асанов телефон аркылуу сүйлөшүүдө саясатчылардын жана активисттердин ысымдарын айтып, ошондой эле күздө боло турган төңкөрүш тууралуу айтат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх