Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимовду суракка алып кетишти
Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы чиновник бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө
Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы чиновник бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.
Бул арада редакция Абдраимовдун өзү менен байланышка чыга алган жок.
Vesti.kg Ички иштер министрлигине кайрылып, алар бул маалыматты тактап жатабыз деп жооп беришти.
Буга чейин Ички иштер министрлиги ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Депутат Жанар Акаев дагы суракка чакырылган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз