Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ай, Авамды уят кылганды токтот". Балбак Түлөбаев маданият ишмерлеринин Садыр Жапаровго кайрылуусу боюнча

Мурунку Бишкек шаарынын мэринин м.а аларды элди бөлүп жаруунун ордуна, коркунучтуу абалда турган искусствого көңүл бурууга чакырды

Мурунку Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айрым адамдар президент Садыр Жапаровду жаманатты кылат деп эсептейт. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

"Аттын изине, иттин изи аралашып кетти. Авамды уят кылып бүтмөй болдуңар. Ой койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай. Андан көрө маданият ит ыйлай турган ахбалда. Ошону көтөрчү биринчи. Ким ушуну ойлоп таап сунуштаса акылыңарга береке. Ой элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай атсак. Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн!. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен, ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле.."

Эске салсак, айрым маданият ишмерлеринин каты Интернетте тараган. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мамлекет башчысынан айрым саясатчыларга чара көрүүнү суранышты. Катта 17 -сентябрда бир катар саясатчылар бийликти басып алып, куралдуу төңкөрүш уюштурганы жатканы айтылат.

Кечээ маданият ишмерлеринин кайрылуусуна байланыштуу бир катар саясатчылар суракка чакырылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх