Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марипов электр энергиясын керектөө лимитин сактоо зарылдыгы тууралуу калк менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Кабинеттин башчысы чиновниктерге кышка даярдык үчүн жеке жоопкерчиликти эске салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө экономика тармактарынын жана калктын алдыдагы жылытуу мезгилине карата даярдыгы маселеси талкууланды.

Тармактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, күз-кыш мезгилинде социалдык жана бюджеттик тармак объектилеринин туруктуу иш алып баруусуна карай даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат беришти.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине белгиленген мөөнөттө даярдык көрүү жана андан сапаттуу өтүү үчүн бардык көйгөйлүү маселелерди суук түшкөнгө чейин иштеп чыгууну талап кылды.

«Билим берүү, медицина, маданият жана башка социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарын оңдоону каржылоо маселесине өзгөчө басым жасоо керек. Министрлер Кабинетинин маанилүү милдеттерини бири – калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Бүгүнкү күнү республика боюнча 600гө жакын көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Каалаган адам жеткиликтүү баада көмүр сатып алуусу үчүн мындай кошумча пункттарды ачуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Көмүрдү өз убагында камдап алуу электр тармагына карата жүктөмдү төмөндөтүүгө жана орнотулган лимиттерди карманууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кышка карата даярдык үчүн жеке жоопкерчилигине басым жасады, алдыга коюлган милдеттер аткарылбаган учурда тийиштүү чаралар көрүлөт.

Министрлер Кабинетинетинин Төрагасы штабдын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана Токтогул суу сактыгычындагы суунун топтолушу үчүн чаралардын топтомун аткаруу, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү, энергетикалык объектилердеги учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жыйынтыктоо, электр энергиясын импорттоону өз учурунда каржылоону камсыздоо маселесин иштеп чыгуу, Ош шаарындагы жылытуу станциясына өз учурунда мазут жеткирүү зарыл.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБди, социалдык жана бюджеттик мекемелерди жана калкты тийиштүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо зарыл. Ага катар калк арасында электр эенергиясын пайдалануу лимитин сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх